Кыргызстан жана Германия расмий документтерди колдонуу шарттарын жеңилдетти - ИА Караван Инфо
Кыргызстан жана Германия расмий документтерди колдонуу шарттарын жеңилдетти

Кыргызстан менен Германия эки мамлекетте расмий документтерди колдонуу шарттарын жеңилдетти, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги Гаага шаарында кол коюлган, 1961-жылдын 5-октябрындагы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу конвенциясы Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосунда 2024-жылдын 7-октябрында күчүнө киргенин маалымдайт. Бул Германия Федеративдик Республикасы өзүнүн эскертмесин (каршы пикирин) кайтарып алып, Кыргыз Республикасынын Конвенцияга кошулуусуна макул болгондугунан улам мүмкүн болду.

Апостиль коюу бул өлкөлөрдүн биринде берилген документтерди экинчисинин аймагында таануу жол-жобосун жеңилдетет.

Эми жарандар жана юридикалык жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар эки мамлекетте расмий документтерди колдонуу үчүн кошумча консулдук мыйзамдаштыруу процедураларынан өтүү жокко чыгарылды.

Апостиль системасын киргизүү административдик процесстерди тездетүүгө, документтерди күбөлөндүрүүгө кеткен чыгымдарды кыскартууга жана билим берүү, ишке орноштуруу, укуктук жана бизнес-процесстер сыяктуу ар кандай чөйрөлөрдөгү бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга мүмкүндүк түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/