ТИМ кыргызстандыктарга Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштады - ИА Караван Инфо
ТИМ кыргызстандыктарга Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштады

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Киев облусунун аймагы боюнча учкучсуз учуучу учактарды колдонуу менен массалык сокку жасалган.

КР Тышкы иштер министрлиги кайрадан Кыргызстандын жарандарына жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана зарыл болгон учурда кырдаал толук турукташканга чейин Украинанын аймагынан чыгып кетүүнү сунуштайт.

КРнын Украинадагы элчилигинин ыкчам байланыш телефону аркылуу Украинада жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл болгон учурларда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышат: +38 068 139 67 92, +38 044 237 03 48.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: