Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешелери 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүп, 3,8 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин жалпы суммасынын 80%дан көбү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.
9 айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 552 млн. сом сальдолоштурулган пайда алынды, жана бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан 959 миңге жакын камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин дээрлик 93% жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө 75%га жакыны туура келди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
