“Казакстандагы ИКАО жумалыгынын” алкагында транспорт министри Марат Карабаев менен ИКАОнун Европа жана Түндүк Атлантика бюросунун аймактык директору Николас Ралло ортосунда маанилүү жолугушуу болуп өттү. Тараптар Жарандык авиация тармагында мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун негизги жыйынтыктарынын бири 2025-жылы Казакстанда ИКАОнун эки аймактык семинарын өткөрүү сунушу болду. Семинарлардын темалары: авиация тармагындагы гендердик теңчилик жана авиациялык кырсыктарды иликтөө.
ИКАО Казакстандын жарандык авиация тармагындагы ийгиликтерин жогору баалайт. Өлкө өзүнүн авиациялык инфраструктурасын активдүү модернизациялоодо, алдыңкы технологияларды киргизүүдө жана учуулардын коопсуздугун жогорулатууда.
Сүрөт: КР Транспорт министрлиги
