2024-жылдын январь-октябрында өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө пайдалуу кендерди казуунун үлүшү 10,8 пайызды, иштетүү өндүрүшү – 78,0 пайызды, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо – 10,2 пайызды, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки заттарды алуу 1,0 пайызды түздү. Бул тууралуу статистикалык комитет билдирди.
Пайдалуу кендерди казуу продукцияларын өндүрүүнүн көлөмү 2024-ж. январь-октябрында 49 012,2 млн. сомду, ал эми физикалык көлөмдүн индекси 2023-ж. январь-октябрына карата.
Мында чийки мунайзат жана жаратылыш газын өндүрүү 2023-ж. январь-октябрына салыштырмалуу 3,4 пайызга, таш көмүр жана күрөң көмүр (лигнит) – 0,8 пайызга, металл рудаларын казуунун көлөмү – 0,4 пайызга төмөндөгөн.
Ошол эле убакта башка пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 21,9 пайызга көбөйгөн.
9,4 пайызды, октябрда тиешелүүлүгүнө жараша 5 330,1 млн. сомду жана 99,7 пайызды түздү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
