Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Кытайга тамак-аш азыктарын экспорттоого кызыкдар болгон ишканаларга CIFER (China Import Food Enterprise Registration System) тутумунда катталуунун зарылдыгы жөнүндө эскертет.
Бул милдеттүү талап Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын 2021-жылдын 12-апрелиндеги “Кытайга импорттолуучу тамак-аш продукциясын өндүргөн чет өлкөлүк ишканаларды каттоо жөнүндө” буйругунун жоболору менен жөнгө салынат. Каттоо тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыз кылууга, санитардык жана фитосанитардык тобокелдиктерди азайтууга жана экспорттолуучу продукцияларга ишенимди арттырууга багытталган.
Ким каттоодон өтө алат?
Кыргыз Республикасынын төмөнкү шарттарга жооп берген ишканалары CIFER тутумунда милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш:
Өндүрүштүн туруктуу көлөмүн камсыз кылууга жөндөмдүү өндүрүштүк кубаттуулукка жана жабдууларга ээ.
Кытай Эл Республикасынын рыногуна тамак-аш азыктарын экспорттоочу.
Ким каттоодон өтө алат?
Милдеттүү түрдө катталууга тийиш болгон продукция категориялары
Эт жана эт азыктары:
Бал жана аарычылык азыктары:
Тоңдурулган же кургатылган жашылча-жемиштер:
Маанилүү! Продукцияны экспорттоо Кытай менен эки тараптуу протоколдор болгон шартта гана мүмкүн болот.
Кантип каттоодон өтүүгө болот?
Негизги учурлар
Шайкеш келбестик кесепеттери
Стандарттарды бузуу, туура эмес маалымат берүү же маалыматтарды жаңыртууда шалаакылык олуттуу кесепеттерге, анын ичинде импортту токтотуу, каттоону жокко чыгаруу жана санкцияларды колдонуу, Кыргыз Республикасынан Кытайга продукциянын айрым түрлөрүн экспорттоого толук тыюу салууга чейин алып келиши мүмкүн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
