Энергетика жана суу министри Франциянын Тажикстандагы элчиси Эльза Пиньол менен жолугушту
Тажикстан Республикасынын Энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жумъа Франциянын Тажикстандагы элчиси Эльза Пиньоль менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн энергетика жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтыгы талкууланып, тараптар анын жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришти.
Француз тарап жаңы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана жөнгө салууга, анын ичинде алардын компанияларынын Зарафшан дарыясында курулуп жаткан гидроэлектростанцияларды жана күн электр станцияларын курууга катышуусуна кызыкдар экендигин билдирди.
Мындан ары да эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык кеңейет деген ишеним айтылды.
Сүрөт: энергетика жана суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы