Бишкекте Алмата – Ысык-Көл автожолун куруу маселеси талкууландыь - ИА Караван Инфо
Бишкекте Алмата – Ысык-Көл автожолун куруу маселеси талкууландыь

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Чжэн Ву менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде экономикалык өсүш жана туризм үчүн жаңы горизонтторду ача турган, жол жүрүү убактысын олуттуу кыскартуучу Алмата-Ысык-Көл автожолун куруу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы автомобиль өткөрүү пункттарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.  

Тараптар экономиканын туруктуу өсүшүнө жана аймактык кызматташтыкты чыңдоого көмөктөшүүчү олуттуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: