Чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн атайын унаа тапшырылды - ИА Караван Инфо
Чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн атайын унаа тапшырылды

Чегирткелерге каршы күрөшүү үчүн «Тойота ХайЛюкс» унаасы тапшырылды, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, автоунаа бүгүн БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кеңсесинде тапшырылды. 

Жардам Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментине ФАО жана JICAнын «Борбордук Азия өлкөлөрүндө чегирткелерге каршы күрөшүүнү жакшыртуу» (2-фаза) долбоорунун алкагында тапшырылган. 

Айта кетсек, 2020-жылдан бери аталган долбоордун алкагында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини департаментине зыяндуу чегирткелерге каршы мониторинг жана күрөшүү иштерин жүргүзүүдө ӨХККДнин дараметин жогорулатуу максатында атайын техникалар, көзөмөл системасын колдонуу үчүн планшеттер, кеңсе техникасы, жеке коргонуу каражаттары, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана калкка маалымат берүү үчүн колдонмолор, брошюралар жана плакаттар берилген.

ФАОнун көрсөткөн техникалык жардамынын аркасында Департаменттин институционалдык жана кадрдык потенциалы бекемделди жана ушуну менен, чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча алдын алуу, өз убагында жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү иштери колго алынды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: