Ош облусунун бир катар айылдары таза суу менен камсыздалды
Ош облусунун Ак-Жай, Кичи-Каракол, Кыр-Кол айылдарында 3424 жаран таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери толук бүткөрүлүп, колдонууга берилди.
Жалпысынан 17 085 м суу түтүктөрү орнотулуп, суу сактоочу жай курулуп, 32 кудуктар орнотулду. Кошумча, 2 даана суу резервуары жана хлоратр жайы курулду.
Ошондой эле, Кара-Шоро, Арпа-Тектир, Боз-Караган айылдарында да курулуш иштер толук бүткөрүлдү.
Жалпысынан 20 175 м ичүүчү суу түтүктөрү орнотулуп, 37 кудук, суу резервуар, хлоратр жайы, суу сактоочу жайы курулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
