Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежесин бузган айдоочулардан 525 млн сом өндүрүлгөн - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жыл башынан бери жол эрежесин бузган айдоочулардан 525 млн сом өндүрүлгөн

Бишкекте ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2024-жылдын он айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.

Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 890 миң 461 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, мамлекеттик бюджетке 525 млн. 324 миң 955 сом өндүрүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 80 006 450 сомго көп.

Алардын ичинен:

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 85 миң 400 унаа айып короо жайына убактылуу токтотулган.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюулуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюулду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: