Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин 81 – жыйыны өттү. Жыйында КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын жетекчилери темир жолдордун үзгүлтүксүз чарбалык жана финансылык ишмердүүлүгүнө, эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы тарифтик саясатка, темир жол администрацияларынын мындан аркы кызматташуу пландарын иштеп чыгууга жана башка маанилүү тармактык маселелерге байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Жыйын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн темир жол жетекчилеринин эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулары болуп, анда жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү жана темир жол кызматтарын көрсөтүүдө жеңилдиктер маселеси көтөрүлдү.

Сүрөт: “Тажикстан Темир Жолу” мамлекеттик унитардык ишканасы.
