Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы Өзбекстанга каршы ойнойт - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын U-15 кыз-келиндер курамасы Өзбекстанга каршы ойнойт

Кыргызстандын U-15 кыздар курамасы Өзбекстанга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Оюндар 26 жана 28-ноябрь күндөрү Ташкенттин «Чагатай» футболдук базасында орун алат.

Аталган беттештерге даярдык көрүү максатында башкы машыктыруучу Ногоев Азаматтын жетекчилигиндеги курама 18-ноябрдан тарта КФБнын футбол академиясынын базасында машыгууларды өткөзүүдө.

Бул окуу-машыгуу жыйын жана беттештер менен командабыз келерки жылдын 26-апрелден 4-майга чейин орун ала турган Азия Кубогунун тандоо оюндарынын биринчи раундуна даярдык көрүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: