2024-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарбасынын дүң продукциясы 344,1 млрд сом суммасында өндүрүлүп, 2023-жылдын тиешелүү мезгилине карата реалдуу өсүш темпи 106,1% ды түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.
2024-жылдын январь-октябрь айларында айыл чарба, токой чарбасынын жана балык өстүрүүчүлүктүн дүң продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшү өсүмдүк өстүрүү продукциясынын 9,0 % көбөйүшү менен камсыз болду, мында буудай өндүрүшү 51,0 %га, арпа – 60,3 %га, мөмө-жемиштер – 27,0 %га, май өсүмдүктөрү – 20,0 %га, бадыраң өсүмдүктөрү – 18,9 %га, жашылча – 4,0 %, кант кызылчасы – 12,5 % көбөйгөн. Ошондой эле мал чарба продукциясы 2,7 %га өстү, анын ичинде жумуртка өндүрүшү 14,8 %га, сүт – 2,4 %га жана эт – 2,1 %га көбөйгөн.
Өсүмдүк өстүрүү продукциясынын жогору көрсөткүчтөрү (9,0 %га) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана айдоо аянттарынын кеңейиши менен шартталган. Бул жылы айыл чарбага жагымдуу табигый-климаттык шарттар түзүлүп, айыл чарбанын өсүшүнө чоң өбөлгө болду. Учурда республика боюнча дан эгиндери 643,2 миң га аянтта жыйналып, жалпы аянттын 96,3%ын түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 88,8 миң га көп.
Буудай жыйноо толугу менен аяктап, жалпы аянты 240,5 миң га түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 37,8 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 30,0 ц/га түзүп, бул 2023жылга салыштырмалуу 6,6 ц/га көп. Арпа жыйноо да толугу менен аяктап, 245,9 миң га аянтта жыйналды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 44,6 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүк 26,0 ц/га түзүп, 4,9 ц/га көп.
Жалпы түшүмдүүлүк 638,3 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 214,0 миң тоннага көп. Ошондой эле, дан өсүмдүктөрүн жыйноо аяктап, 53,0 миң га аянтта жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,8 ц/га түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 1,9 ц/га көп, жалпы түшүм 78,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 11,9 миң тоннага көп болду.
Жалпы жашылча түшүмдүүлүгү 1 452,3 миң тоннаны, бакча өсүмдүктөрү – 336,5 миң тоннаны түздү. Май өсүмдүктөрү 13,8 миң га аянтта жыйналып, түшүмдүүлүгү 11,2 ц/га түздү, жалпы түшүм 15,4 миң тоннаны түздү. Кант кызылчасы 11,5 миң га аянтта жыйналып, орточо түшүмдүүлүк 621,7 ц/га түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 142,7 ц/га көп.
Жалпы түшүм 713,9 миң тоннаны түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 319,7 миң тоннага көбөйдү. Быйылкы жылы бул өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
