Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев дүйнө салды
Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү, КР Баатыры Мамбет Мамакеев 98 жаш курагында дүйнө салды. Маалыматты Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов тастыктады.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда туулган. Ал хирургияда 67 жылдан ашык эмектенген, бул аралыкта Гиннесстин рекорддор китебине киргенге жетишкен. Мамакеев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монография) автору.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
