Кыргызстандын эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Korea Open 2024 эл аралык мелдешинде жалпы 8 медаль жеңген. Анын үчөө алтын, үчөө күмүш жана экөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Түштүк Кореянын Инхчон шаарында өткөн.
Эркин күрөш боюнча Билал Шарип уулу 65 кг чейинки салмакта эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Алдымалик Карачов (57 кг) жана Кутман Төрөбалдыев (125 кг) коло медалга ээ болушту.
Грек-рим күрөшү боюнча Мелис Айтбеков 97 кг чейинки салмакта алтын медалга, ошол эле салмакта Нурмамбет Райымалы уулу күмүш медалга ээ болушту. 130 кг чейинки салмак категориясында Эрлан Манатбаев 2-орунду ээледи.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дилназ Сазанова 68 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, ошол эле салмакта Гүлнура Таштанбекова коло медалга ээ болду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
