Жыл башынан бери эң көп эт, бал жана балмуздак кымбаттады - ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери эң көп эт, бал жана балмуздак кымбаттады

Керектөө бааларынын индекси 104,2 %ды түздү (2024-жылдын октябрь айы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу), 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 106,7 %ды түзгөн. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2024-жылдын январь-октябры 2023жылдын январь-октябрына) 104,8 %ды түздү, 2023-жылы ушул эле көрсөткүч 111,5 %ды түзгөн. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 9,3 %га, азык-түлүк эмес товарларга – 3,6 %га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 2,3 %га, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 7,5 %га жогорулады.

Бул мезгилде малдын тоң майынын (13,6%га), эттин (12,0%га), табигый аары балынын (10,9%га), балмуздактын (10,0%га), туздун (8,6%га), майлуу быштактын (8,1%га),   картошканын (7,7%га), балыктын (6,2%га), кондитердик азыктардын жана ак каймак майдын (5,9%га), акшактын (5,4%га), алкоголсуз суусундуктардын жана жогорку сорттогу ундун (5,2%га), бышырылган нан азыктарынын (4,9%га), сырдын (4,1%га), майлуулугу 2,5-3,2% болгон пастеризацияланган сүттүн (3,5%га), орто дандуу күрүчтүн (3,0%га) жана күнкарама майынын (1,6%га) баалары эң көп кымбаттады.  

Муну менен катар, гречка акшагынын (17,5%га), жаңы бышкан жашылчалардын (15,6%га), жаңы бышкан жемиштердин (14,8%га), куюлуп сатылуучу сүттүн (7,5 %га), тоок жумурткасынын (3,6%га), варенье, джем, повидлонун (3,1%га), биринчи сорттогу ундун (1,9%га), пахта майынын (1,3%га) жана уйдун боор этинин (0,8%га) бааларынын төмөндөшү катталган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: