2024-жылдын январь-сентябрында ишканалардын жана уюмдардын (чакан ишканаларды эсептебегенде) кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акысы 35 791 сомду түздү жана 2023-ж. январь-сентябрына салыштырмалуу 11,8 пайызга көбөйдү, ал эми анын керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген реалдуу өлчөмү 6,7 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда, 2024-ж. январь-сентябрында бир кызматкердин орточо айлык эмгек акысы 409,2 АКШ долларын түздү.
2024-жылдын январь-сентябрында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду.
Алардын эң олуттуу жогорулашы дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (30,3 пайыз), курулуш (27,2 пайыз), башка тейлөө ишмердиги (26,4 пайыз), кыймылсыз мүлк операциялары (23,3 пайыз).
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
