Ноокат районунда пара алган бир катар милиция кызматкерлери кармалды - ИА Караван Инфо
Ноокат районунда пара алган бир катар милиция кызматкерлери кармалды

Ноокат районунун Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн бир катар пара алган кызматкерлери кармалды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, КР ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө.

Буга чейин, үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында Ноокат РИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы милициянын майору А уулу Т. кызматтык кабинетинде кол алдында иштегендерден акча алып жатканы боюнча тартылган видео жарыяланган.

Бул факты боюнча алдын ала текшерүүнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.

Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде (Адамдардын тобу тарабынан пара алуу) каралган кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 21-22-ноябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунун ИИБнын беш участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М. у Ш., Н.З., М.А., М. у Б., Х. у Т. кармалган. Ошондой эле Ноокат райондук ИИБдин Көк-Жар айылдык милиция бөлүмүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы М.Н кармалды. Кармалгандардын баарына тең пара алууга шериктеш болгон деген айып тагылган. Кармалгандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Соттун чечими менен кармалгандардын баарына бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги укук коргоо органынын коомчулуктун көз алдында кадыр-баркына шек келтирген жана орду толгус зыян келтирген паракорлордон, мыйзамдуулукту бузгандардан милициянын катарын тазалоого багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: