Тышкы иштер министрлигинин жамааты Закиров Султан Момуновичтин 67 жаш курагында күтүүсүз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Закиров Султан Момунович 1982-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдери факультетин аяктаган. Эмгек жолун Кыргыз ССРинин Улуттук илимдер академиясынан баштап, 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде иштей баштаган.
Султан Момунович өз учурунда өлкөнүн кызыкчылыктарын Монголиядагы Вице-консул, Алматы жана Дубай шаарларындагы Башкы консул катары коргогон. 1994-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Эл аралык бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Протокол кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.
2000-жылдын июнунан 2002-жылга чейин Тышкы иштер министринин орун басары болгон.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-ноябрындагы № 310 Буйругу менен Закиров Султан Момуновичке Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи дипломатиялык рангы ыйгарылган.
Араб, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн.
Тышкы иштер министрлигинин жамааты Султан Момуновичти көрүнүктүү дипломат жана Ата-Мекенге ак кызмат өтөгөн инсан катары эстеп калат.
Орду толгус жоготуунун азабын жана кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Жаназасы эртең, 26-ноябрда, саат 11:00дө Бишкек шаары, Бектенов көчөсү, 144 дарегинде өтөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
