Бишкекте алгачкы ирет АФКнын «А» категориясындагы дарбазачылардын окуусу өтүүдө - ИА Караван Инфо
Бишкекте алгачкы ирет АФКнын «А» категориясындагы дарбазачылардын окуусу өтүүдө

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде 25-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын «А» категориясындагы дарбазачылардын машыктыруучулары үчүн окутуусу старт алды.

Бул курска жалпы 12 машыктыруучу катышып, алардын катарында Түркмөнстандан келген адис да бар.

Курстун окутуучусу – Ирандан келген адис Жалал Башарзад. Ага биздин ата мекендик адис Закир Джалилов жардам берет. Курстун программасы теориялык, практикалык сабактарды камтыйт жана 1-декабрда жыйынтыкталат.

Бүгүнкү ачылыш аземге КФБ Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев катышып, курстун катышуучуларына жана инструкторлоруна ийгилик каалап өттү.

АФКнын «А» категориядагы курстар даражасы боюнча эң жогорку болуп эсептелинип, ал Кыргызстанда алгачкы жолу орун алууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: