Советтик жана кыргыз окумуштуу-хирургу, эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Эрнст Акрамов 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Эрнст Хашимович Акрамов 1936-жылы 24-июнда Бишкек шаарында туулган.
Кыргыз Мамилекеттик медисиналык институтуну бүтүргөн.
Эмгек жолун Бишкектеги №2-килиникалык ооруканада хирург болуу менен иштөөнү баштаган.
1967-жыл кандидаттык, 1990-жылы докторлук дисертациясын жактаган. КММИде асистент, доцент, респубикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хириргуясынын башчысы.
130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Республикага эмгеги сиңген дарыгер. Жаратылыш жана коом туурасындагы эл аралык академиянын академиги. 1989-92-жылдары СССРдин Эл депутаты Спортук гимнастика боюунча СССР спортунун чебери. 1996-жлдан баштап жыл сайын республиканын белгилүү артистери катышкан кайрымдуулук музыкалык кечелерди өткөрөт. 4-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши депутаты, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
“Караван-Инфо” редакциясы Эрнст Хашимовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
