Жыл башынан бери 102 миң 771 ишкер “Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар” маалыматтык системасына катталып, аны колдоно башташты. Бул тууралуу Мамлекеттиксалык кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпысынан системаны 205 миң 416 субъект колдонуп жатат. Азыркы учурда 227 миң 327 активдүү кампа катталган.
Ишкерлер “ЭТТК” системасына 3 млн 803,5 товардын аталыштарын киргизип, 26 млн 109,2 миңден ашык электрондук коштомо кагаздарды тариздешти.
Белгилей кетсек, “ЭТТК” системасы менен иштөө үчүн ишкерлерге смартфон, планшет же компьютер гана керек болот. Система интуитивдик түшүнүктүү интерфейске ээ, атайын бухгалтердик көндүмдөрдү талап кылбайт, ошондой эле негизги иштетүү кубаттуулугу бар жана интернет байланыштарынын ылдамдыгы төмөн болгон түзмөктөрдө дагы иштейт.
Система cabinet.salyk.kg сайтындагы “Жеке кабинет” аркылуу же “Salyk.kg” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.
“ЭТТК” маалыматтык системасы контрагенттердин ортосунда реалдуу убакытта электрондук коштомо кагаздарды тариздөөнү жана берүүнү камсыз кылган салык кызматынын бирдиктүү порталы болуп саналат.
ЭТТКны колдонуу салык процесстеринин ачыктыгын жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга жана базардын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
