Раззаковдо 40% гана ичүүчү суу менен камсыз болгон - ИА Караван Инфо
Раззаковдо 40% гана ичүүчү суу менен камсыз болгон

Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Өз кезегинде депутат Миргүл Темирбаева Баткен облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча баяндама жасады. Ал таза суу менен камсыз болуу көйгөйүнө көңүл буруп, Лейлек районунун калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча статистикалык маалыматтарды келтирди.

Алсак, Раззаков шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо болгону 40% ды, Сүлүктү шаарында -75% ды түзсө, ал эми Кулунду айыл округунун жашоочуларынын 30% ы гана таза сууга ичет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчетуна ылайык, Миргүл Темирбаева белгилегендей, дүйнөдөгү бардык оорулардын 80% ашыгы ичүүчү суунун сапатынын начардыгы жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушу менен байланыштуу. Муну менен катар, депутат суу тазалоочу курулмалар маселеси курч тургандыгын белгиледи.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: