Жалал-Абадда экологиялык мыйзам бузуулар аныктады, деп билдирет Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, минстрликке караштуу Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы Кара-Алма коругунун Урюмбаш токой тилкесинде (3-каратаң, Беш-Бочка жана Лагер айылдары) рейд жүргүздү.
Рейддин жыйынтыгында 16 дарактын (алма, өрүк, алча, карагат) мыйзамсыз кыйылганы аныкталды.
Токой дүйнөсүнө келтирилген зыян үчүн 15 миң 385 сом өлчөмүндө айып салынды.
Мындан тышкары, Кадамжай шаарында суу менен камсыз кылуу үчүн колдонулган жер астындагы каналдын тоннелинде болгон авария боюнча териштирүү иштери уланууда.
Бул окуя “Кадамжай-Кенч” ЖЧК ишканасы менен биргеликте экологиялык жана техникалык нормалардын аткарылышынын алкагында каралууда.
Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы экологиялык стандарттарды сактоо жана аймактын жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча рейддерди активдүү жүргүзүүнү улантууда. Табиятка зыян келтирген мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу максатында чаралар күчөтүлүүдө.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
