Жалал-Абадда «жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагы өткөрүлдү - ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда «жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагы өткөрүлдү

Жалал-Абадда «жол кыймылынын жаш тескөөчүсү» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, сынак  №2 К. Закиров атындагы мектепте уюштурулган. Ага окуучулар, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Саамалыктын максаты жаш жеткинчектер арасында жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүү жана жашы жете элек балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу.

Сынактын жүрүшүндө жол кыймылын тескеген инпекторлор тарабынан окуучуларга суроолор берилип, соңунда кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Алдыңкы күндөрү мындай иш-чаралар облустун бардык район-шаарларында уюштурулмакчы.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: