Москвада россиялык ТАСС маалымат агенттигинин 120 жылдыгына арналган “Россия-Казакстан: ЖМКлардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери” медиафоруму башталды. Форумдун алкагында эки өлкөнүн өкүлдөрү медиа өнөктөштүктү жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Казакстандан иш-чарага мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин, Парламент Мажилисинин Төрагасынын орун басары Дания Еспаева, РФдагы элчи Даурен Абаев, Тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко, Казакстан Президентинин телерадиокомпаниясынын башкы директору Раушан Кажибаева, ошондой эле казакстандык алдыңкы медианын жетекчилери катышты.

Россия тараптан РФ Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Песков, санариптик өнүгүү министринин орун басары Бэлла Черкесова, ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов жана медиа чөйрөнүн башка негизги ишмерлери катышты.
Ерлан Карин өз сөзүндө Казакстан менен Россиянын ортосундагы достук жана союздук байланыштарды чыңдоо үчүн аянтча катары форумдун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ТАССты мааракеси менен куттуктап, анын жогорку кесипкөйлүгүн жана беделин баса белгилеп, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атынан куттуктоо жолдоду.
Эки өлкө ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн тасстын башкы директору Андрей Кондрашовго “«Достық» II- даражадагы” орденинин ыйгарылышы өзгөчө учур болду.
Форумда биргелешкен медиадолбоорлордун пландары, санариптик инновациялар, ошондой эле азыркы дүйнөдө медиакоммуникацияларды өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.
Сүрөт: МА ТАСС
