Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев бардык кызыкдар тараптарды Ысык-Көлдү коргоо жана анын туруктуу келечегин камсыздоо боюнча аракеттерге биригүүгө чакырды. Бул тууралуу Ысык-Көлдү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Ысык-Көлдө өтүп жаткан Улуттук суу форумунда айтты.
“Климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарынын тартыштыгынын өсүшү, Ысык-Көлдүн уникалдуу экосистемасынын сакталышы – мунун баары бизден кечиктирилгис жана координацияланган чечимдерди кабыл алууну талап кылат”, – деп билдирди Төрөбаев.
Ал өз сөзүндө белгилегендей, биргелешкен аракеттер менен гана Ысык-Көлдүн экосистемасын сактап, келечек муундар үчүн аймакты таза суу менен камсыз кылууга болот.
Арийне, акыркы жылдардагы климаттын өзгөрүшү, суунун булганышы, жаратылыш ресурстарын ашыкча пайдалануу жана экосистеманын начарлашы, Ысык-Көлдү ар кандай көптөгөн коркунучтардан сактоо үчүн алдын-ала тиешелүү чараларды көрүүгө мажбур кылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/