Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баштаган жумушчу топ Жалал-Абад облусунун аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, башкы башкармалыктын бөлүм башчылары, муфтияттын өкүлдөрү, шаар аралык авточарбалардын жетекчилери, жана мектеп мугалимдери катышты.
Аларга жол кырсыктарынын өлүм менен коштолгон учурлары баяндалып, ЖКККББгы тарабынан жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган видео тасмалар көрсөтүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө бир канча жол-унаа кырсыктарына карата көйгөйлөр көтөрүлдү. Эл тарабынан келген орчундуу делген суроолорго жооп берилип, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.
Иш-чарада жол коопсуздугу, жол акылары, жол белгилери, жана башка жарандардан келген актуалдуу суроолорго тиешелүү кызматтар жеринде жооп беришти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
