Санкт-Петербург шаарында 2024-жылдын 6-7-декабрында өтүп жаткан КМШнын саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу боюнча Кенешинин XXXVII отурумуна Кыргыз Республикасынын атынан Алымкадыр Бейшеналиев жетектеген делегация катышууда.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри жумушчу жолугушууларды жана Россия Федерациясынын алдыңкы федералдык медициналык борборлоруна жана институттарына таанышуу экскурсиясын жасады.
Делегация Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ФМБМ “Р.Р. Вреден атындагы травматология жана ортопедия Улуттук медициналык изилдөө борборуна” барып травматология жана ортопедия жаатындагы алдынкы дарылоо жана калыбына келтирүү ыкмалары менен таанышты. Кыймыл жана таяныч тутумдун функцияларын калыбына келтирүү үчүн инновациялык технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.
Андан кийин министр Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ФМБМ ” Н.Н. Петров атындагы онкология боюнча Улуттук медициналык изилдөө борборуна” барып, борбордун жетекчилиги менен онкология жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулады. Анда тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кадрларды даярдоо үчүн Кыргызстандын Онкология жана гематология борбору менен ФМБМ ” Н.Н. Петров атындагы онкология боюнча Улуттук медициналык изилдөө борборунун” өз ара аракеттенүүсү жөнүндө Меморандумга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.
Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ФМБМ ” Г.И. Турнера атындагы балдар травматологиясы жана ортопедисы боюнча Улуттук медициналык изилдөө борборунда” балдардагы татаал жаракатты аныктоо жана дарылоонун уникалдуу мамилелери көрсөтүлдү. Кыргыз делегациясы балдар ортопедиясы жаатындагы тажрыйбаны алуунун жана балдар үчүн адистештирилген жардамды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын медициналык борборлору менен кызматташууну чыңдоо Кыргызстанга саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин баса белгиледи.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
