Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Саламаттык сактоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамдын максаты – саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын оптималдаштыруу, өркүндөтүү жана медициналык кызматтардын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө колдонуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаңы, күчөтүлгөн жоопкерчиликти киргизүү максатында иштелип чыгып, кабыл алынган. Тактап айтканда, Мыйзамда төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:
Мындан тышкары, медициналык манипуляциялар, анын ичинде адамдын организмине таасир тийгизген жана дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз клиникалык изилдөөлөр (сыноолор) үчүн айып пулдун суммасын 500 миң сомдон 1 млн.сомго чейин жогорулатуу каралган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
