Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында 14-декабрда өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысынын отун жандыруу салтанаты өтөт. Иш-чара саат 18:30да башталат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Быйыл Ала-Тоо аянты жаңыча кооздолуп, өзгөрүлөт.
Шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн сейилдөөчү аймактар кеңейтилди, эс алуу үчүн көбүрөөк жайлар түзүлүп, ар бир адам майрамдын шаңын толук сезе алат.
Майрамдын конокторун ар түрдүү кызыктуу программа күтөт: күн сайын көңүл ачуучу иш-чаралар, музыкалык жана бий номерлери, ошондой эле аниматорлордун көрсөтүүсү. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүүчү аянт уюштурулуп, аларга көңүлдүү убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, түрдүү тамак-аш жана суусундуктар сунушталган фуд-зона иштейт.
Бишкек шаарынын мэриясы баарын ушул кереметтүү кечке чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/