Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) кеңсесинин башчысы Бактыбек Кайназаров менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууда тараптар үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү ден соолук жаатындагы медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу тармактарда биргелешкен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
ЮНФПА Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө төрөттөн кийинки кан жоготууну алдын алуу жана дарылоо үчүн заманбап дары – карбетоциндин биринчи партиясын тапшырып жатканын Бактыбек Кайназаров белгиледи.
Гуманитардык жардамдын алкагында төрөттөн кийинки кан жоготуунун алдын алуу үчүн 170 миң аялга жалпы суммасы 92 миң долларга 17 миң куту жеткирилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/