2024-жылы республика боюнча 902 гектар аянтка коон өстүрүлгөн – ИА Караван Инфо
2024-жылы республика боюнча 902 гектар аянтка коон өстүрүлгөн

2024-жылы республика боюнча коон айдалган аянт – 902,0 гектарды түзгөн. Ош областында коонду эң көп Араван жана Кара-Суу районунун дыйкандары өстүрүшөт.

Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунда 2024-жылы коон – 35 гектарга айдалган. Ноокен районунда коон – 139,0 гектарда өстүрүлгөн. Ал эми экспорттун көлөмү – 10-15 миң тоннаны түзгөн.

Кыргызстандын коондору өзгөчө климаттык шарттары жана топурагынын өзгөчөлүктөрүнүн аркасында жогорку сапаттуулугу жана даамдуулугу менен айырмаланат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: