Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 9-декабрда Москва шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери да катышты.
Баарлашууда эки жана көп тараптуу алакаларды арттыруу, айрыкча ЖККУ алкагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле байланыштарды бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу тууралуу сөз болуп, аталган багытта тыгыз иш алып баруу зарылчылыгы белгиленди.
Мындан тышкары, аймактык коопсуздукту камсыздоо, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү жаатындагы сунуш-пикирлер айтылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/