“Жеңиш” спорт мектебинде 500дөн ашык спортчунун башын бириктирген шотокан каратэ-до боюнча масштабдуу турнир өттү.
Турнир шаардын спорттук турмушунда маанилүү окуя болуп, катышуучуларга калыс күрөштө күч сынашып, өзүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча командалар төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөтүштү:
– «Жеңиш» спорт мектеби 22 алтын, 10 күмүш жана 14 коло медаль утуп, 1-орунду ээледи;
– Starcarateclub 19 алтын, 21 күмүш жана 13 коло медалга ээ болду;
– Бишкек Skif Chyi 14 алтын, 19 күмүш жана 16 коло медаль алды;
– Бишкектин шотокан каратэ-до федерациясы 6 алтын, 11 күмүш жана 16 коло медалга ээ болду;
– Shito-ryu 2 коло медалга ээ болду.
Турнир спортчулардын даярдыгынын жогорку деңгээлин дагы бир жолу тастыктады, ошондой эле катышуучулардын арасында тажрыйба алмашуу жана спорттук маанайды чыңдоо аянтчасы болду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
