КР ТИМдин кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өттү
КР ТИМдин кезектеги коллегиясынын отуруму болуп өттү, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, отурумдун жүрүшүндө тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгында КРнын дипломатиялык кызмат органдарында кадрдык иштин абалы, ошондой эле бул багытта коюлган милдеттер талкууланды.
Мындан тышкары, коллегиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколунун айрым аспектилерин жана аларды мындан ары өркүндөтүү маселесин карашты.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча коллегиянын төрагасы, министр Жээнбек Кулубаев тарабынан бир катар тапшырмалар берилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
