Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 10-декабрда мамлекеттик менчикке өткөн Бишкектеги ЖЧК «Айданфарма» фармацевтикалык заводуна барып, ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Иш сапардын алкагында саламаттык сактоо министри 95% концентрациядагы медициналык этил спиртин чыгарууну ишке киргизүү процесси менен таанышып, жаңы продукт өлкө боюнча саламаттыкты сактоо уюмдарынын муктаждыктары үчүн колдонулаарын айтты.
«Кыргызстандадары-дармек рыногунда 90%дан ашыгын импорттук продукция ээлейт, ошол себептен дары-дармектерди жана медициналык буюмдардын өздүк өндүрүшүн өнүктүрүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү», – деп белгиледи министр.
Ал ошондой эле ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн заводду модернизациялоонун, продукциянын ассортиментин кеңейтүүнүн жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Продукциялардын ассортиментин кеңейтүү жана көлөмүн көбөйтүү ички рыноктун керектөөлөрүн канааттандырууга жана импортту алмаштыруу максатына жетишүүгө багытталган.
Заводдун директору Өмүрбек Асанов учурда дары-дармек жана медициналык техника департаментине 120 түрдөгү таблетка жана капсулалар, 20 түрдөгү майлар жана 10 түрдөгү сироп жана суспензиялар каттоого берилгенин, бул продукциянын линиясын кыйла кеңейтээрин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
