Иет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттардын 14%дан 8%га чейин азайышы байкалууда, бул президент Садыр Жапаровдун тушунда эмгек мигранттарынын агымынын азайгандыгын тастыктайт. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган мониторингдин презентациясында айтылды.
Маселен, азыр үй-бүлө мүчөсүнөн 1% миграцияда жүрсө, ал 2021-жылы 13% болгон. Бул көрсөткүчтүн төмөндөшү өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу.
“Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктарынын болушу 2021-жылдын декабрынан бери Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”, – деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Маалымат үчүн:
Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсү – бул ай сайын Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 1500 үй-бүлө мүчөсү менен телефон аркылуу маектешүү аркылуу өткөрүлүүчү панелдик сурамжылоо.
Изилдөөгө ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары болгон белгилүү бир үй чарбаларына дайыма байкоо салынып, убакыттын өтүшү менен алардын жашоо шарты жана каражаттары тууралуу айдан айга кандай өзгөрүп жатканы жөнүндө маалымат чогултулат.
Бул изилдөө 2021-жылдын декабрында башталган жана ага төмөндөгү негизги багыттар кирген:
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
