Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташие күн мурун Абхазия, Армениядан алынып келинген автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жыйынга КР президентинин администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты.
Отурумдун жүрүшүндө маалым болгондой,азыркы учурда Кыргызстанда 15 миңге чукул Армения менен Абхазиядан келген унаалар бар, алардын 90%ы оң рулдуу болуп саналат.
“Аталган унаалардын көпчүлүгү комплектөөчү катары алынып келинип, кураштырылган. Мындай унаалар мыйзамсыз болуп, жол кырсыктары катталып, адам өмүрүнө да коркунуч келтирилген учурлар катталууда. Алсак, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын үчтөн экиси оң рулдуу унаалардын кесепетинен болуп жатат. Андыктан Камчыбек Ташиев мыйзамсыз автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамсыз унааларды пайдаланууга жана өлкө аймагына алып кирүүгө бүгүндөн тарта катуу чаралар колдонула тургандыгын айттып өттү. “Бир дагы мыйзамсыз автоунаа Кыргызстандын аймагында жүрбөөсү керек, силер жеке өзүңөрдү ойлоп 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди “нааразычылык акцияларына чыгабыз”- деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, “легалдаштырып бергиле”- деп, доо да койбогула! Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде – автоунаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек, унааңар мыйзамсызбы?, анда айдап чыкпагыла” – деп эскертти Камчыбек Ташиев.
Ал эми жолугушуунун жүрүшүндө тийиштүү мекемелердин жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен жакын арада тийиштүү чечимдер кабыл алына тургандыгы белгиленди.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиев тарабынан бардык тийиштүү органдарга бул боюнча тапшырмалар берилди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
