Жаңы жыл жакындап келе жатат, жаңы жылдык майрамдардын башталышы менен ар бир үй кожойкеси дасторконду үй шартында даярдалган ар кандай тамак-аш азыктары, деликатес, салаттар менен толтурганга аракет кылышат. Алар туура эмес сакталган учурда тамак-аштан ууланууга, ал эми кышкы консервалар тамак-аштан уулануунун эң кооптуусу «ботулизмди» пайда кылышы мүмкүн.
Тамак-аштан уулануунун себеби жетишээрлик жуулбаган жашылча-жемиштер болушу мүмкүн, алардын тышында ар кандай ичеги инфекцияларынын козгогучтары болот, жаңы даярдалган жана консерваланган уулуу козу карындар, пестициддердин калдыктары бар мөмөлөр жана эң кеңири тараган микробдор – стафилококк, ичеги инфекцияларынын, энтерококктун, ботулизмдин козгогучтары менен жабыркаган башка азыктар.
Көптөгөн коомдук тамактануу жайларында (кафелерде, ресторандарда) жаңы жылдык корпоративдик кечелер, ар кандай майрамдар өткөрүлөт, мында мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын көптүгү, ар кандай даяр деликатестер, кайнатылган эт, көп компоненттүү салаттар, анын ичинде катуу тыюу салынганына карабай үйдө жасалган консервалар да көп колдонулат. Инфекциянын пайда болушуна алып келүүчү эң кооптуу тамак-аш азыктары болуп каймак кошулган кондитердик азыктар – торттор, кондитердик азыктар, фастфуд – шаурма, фарш – котлеттер, булочкалар, паштеттер, устукандар – кайнатылган эт, казы, карта, чучук ж.б. саналат.
Эреже боюнча дасторкондор иш-чаралар башталардан 3-5 саат мурун коюлат, андан кийин даяр тамактар, кулинардык азыктар, салаттар дагы 5-8 саатка чейин дасторкондо калат. Салаттардын жана устукандардын калдыктары желим баштыктарга оролуп үйгө алып келинет, ылайыксыз шарттарда сакталат, кээде кайталап ысык температурада зыянсыздандырбастан аларды үй-бүлө мүчөлөрүнө тартууланат.
Ошондуктан, ар бир адам тамак-аштан уулануу, анын ичинде ботулотоксин деген эмне экенин жана бул коркунучтуу оорудан кантип сактануу керектигин билүүсү өтө маанилүү, анткени көп учурда дарыгерлердин аракетине карабастан, өкүнүчтүү – оорулуунун өлүмү менен аяктайт!
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
