2024-жылдын 11-декабрында Эл аралык Тоо күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилиги иш-чара уюштуруп, анын жүрүшүндө катышуучулар «2023-2027-жылдарга тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык» концепциясын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Элчи Авазбек Атаханов иш-чараны ачып жатып, жыл сайын 11-декабрда Кыргыз Республикасынын демилгеси менен белгиленүүчү Эл аралык тоо күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун куттуктоосун окуп берди. Ал Кыргызстандын акыркы төрт жылдагы негизги социалдык-экономикалык жетишкендиктерин, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган тоолор жана мөңгүлөр боюнча демилгелерди колдоону белгиледи, 2024-жылдын 12-ноябрында Баку шаарында өткөн COP29 Дүйнөлүк лидерлеринин Саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясында улуттук билдирүү жасаганын билдирди.
Элчилик Кыргыз Республикасынын тоо экосистемаларын сактоо боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдеги демилгелери боюнча видео-демонстрация жана презентация, ошондой эле тоо темаларына арналган фото көргөзмө уюштурду. Иш-чара улуттук тамак-аштардан даам татуу менен коштолуп, кыргыздын боз үйүнүн жана улуттук кийимдеринин көргөзмөсү, ошондой эле Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Иш-чарага Пакистандын тоолуу аймактарын коргоого жана өнүктүрүүгө катышкан министрликтердин жана мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес сектордун, ПИРнын ЖМКлардын 20дан ашык өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ПИРдагы Ардактуу консулу К. Юнис катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
