Кара-Суудагы “Тураталы” базарынын мыйзамсыз менчиктештирилген 4,93 га жери мамлекетке кайтарылды - ИА Караван Инфо
Кара-Суудагы “Тураталы” базарынын мыйзамсыз менчиктештирилген 4,93 га жери мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында “Тураталы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү болгон жалпы 4,93 гектар жер тилкесинин мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Прокуратура мыйзам бузууларды четтетүү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо максатында сот органдарына доо арыздарды келтирип, соттук кароолордун натыйжасында толук канааттандырылган.

Анын негизинде райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агентигинин директорунун наамына прокурордук талап келтирилип, жыйынтыгы менен базар баасы 890 млн 985 миң 950 сомго бааланган 4,93 гектар жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: