Бишкекте Кыргызстан менен Хорватиянын ишкердик жолугушуусу өттү, деп билдирет КР СӨПтүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, жолугушууга КРнын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Хорватиянын тышкы иштер жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлери катышты.
КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси өз сөзүндө өлкөлөр ортосундагы биргелешкен иштердин олуттуу потенциалын баса белгилеп, жолугушуунун алкагында конкреттүү долбоорлорду талкуулоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусу жана ачык соода саясаты менен Борбордук Азиянын рынокторуна чыгууну көздөгөн хорватиялык компанияларды кызыктырат. Өз кезегинде Хорватия Евробиримдиктин мүчөсү катары кыргыз өндүрүүчүлөрү үчүн европалык рынокко жол ачат”, – деп белгиледи Темир Сариев.
Хорватиянын тышкы иштер жана европалык иштер министри Гордан Грлич-Радман белгилегендей, ВСП+ макамын эске алуу менен хорват тарап эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу максатында логистика тармагындагы иштерди күчөтүүгө даяр.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Хорватиянын Соода-өнөр жай палатасы меморандумга кол коюуга макулдашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
