Ошто Эл аралык грек-рим күрөшү боюнча турнир башталды - ИА Караван Инфо
Ошто Эл аралык грек-рим күрөшү боюнча турнир башталды

Оштогу “Кыргызстан-Иран достугу” спорт комплексинде бүгүн 2009-2011-жылдары туулган спортчулар арасында грек-рим күрөшү боюнча XIII Эл аралык турнир башталды.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, турнир 17 жолку Кыргызстандын чемпиону, спорт чебери Алым Ажыматовдун жаркын элесине арналды.

Турнирге 12 салмак категориясы боюнча Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык облустарынан 200дөн ашык спортчу катышууда.

Турнирдин ачылышына Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Турнир эки күнгө созулат.

Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан баалуу белектер, медаль жана дипломдор менен сыйланат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: