Эмгек министрлиги: Өлкөдө мамлекеттик "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алгандардын саны азайды - ИА Караван Инфо
Эмгек министрлиги: Өлкөдө мамлекеттик "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алгандардын саны азайды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикада “үй-бүлөгө көмөк”мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны азайган.

Эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн.

Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1,4 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды – өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин.

Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган.

Ведомстводо алуучулардын азайышын көрсөтүлгөн жардамдын даректүүлүгүнүн жакшырышы жана муктаж болгон жарандардын бакубаттулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү иш менен камсыз кылуунун ар кандай чаралары менен түшүндүрүштү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: