Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 13-декабрда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Британиянын экспорттук-кредиттик агенттиги (UKEF) аркылуу Улуу Британиянын Өкмөтү тарабынан өнүктүрүү жана бизнес долбоорлоруна Кыргызстанга жакында бөлүнүп берилген 1,8 миллиард фунт стерлинг өлчөмүндөгү айыл чарба, тоо-кен, курулуш жана башка багыттарда атаандашууга жөндөмдүү ставкалар боюнча биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Мындан тышкары, кыргыз-британ күн тартибиндеги экология, климат, миграция жана критикалык минералдар тармагындагы кызматташуу сыяктуу башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда да, Улуу Британияда да жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды колдоо жана инвестициялык форумдарды өткөрүү боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
