Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектти активдүү ишке киргизүүнү биргелешип баштоосу керек. Бул тууралуу Москва шаарында өткөрүлгөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргыз Республикасында да экономикалык өнүгүүнүн жакшы темптери сакталып жатканын, бул экономикалык реформалардын, ички өндүрүштүн кеңейиши, экспорттун жана инвестициялардын өсүшү менен шартталганын белгиледи.
Анын айтымында, эң жогорку көрсөткүч курулуш тармагында байкалып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу анын көлөмү 32,6%га өскөн. Кызмат көрсөтүү тармагында өсүш 8,1%ды, өнөр жай – 4,8%ды түздү, ал эми айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү 6,2%га өстү.
2024-жылдын январь-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 13,7%га, экспорт 25,4%га, импорт 9%га өскөн. 2024-жылдын 11 айында мамлекеттик бюджеттин кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19%га өстү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
