Жумгал районунун ишкерлерине “Бизнес коргоо” мобилдик тиркемеси тартууланды - ИА Караван Инфо
Жумгал районунун ишкерлерине “Бизнес коргоо” мобилдик тиркемеси тартууланды

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Жумгал районунда ишкердик субъектилердин, Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарада ишкерлерге карата текшерүүлөрдүн түрлөрү, текшерүү жүргүзүү тартиби жана прокуратура органдарында каттоонун шарттары боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле прокуратура тарабынан иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси тааныштырылып, анын текшерүүлөрдү көзөмөлдөө жана мыйзам бузуулар тууралуу даттанууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видео презентация көрсөтүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө ишкерлер акциздик маркаларга жана мыйзамсыз продукцияга байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүштү. Бул маселелерди чечүү үчүн Жумгал райондук прокуратурасына жана Салык кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, прокуратура кызматкерлери 80ден ашык ишкердик субъектилердин жайгашкан жерине барып, “Бизнести коргоо” тиркемесин колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиркемени ишкерлердин телефондоруна көчүрүп беришти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: