Жалал-Абад шаарында жаңы кинотеатр ачылды – ИА Караван Инфо
Жалал-Абад шаарында жаңы кинотеатр ачылды

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда 13-декабрда GALAXY CINEMA муниципалдык кинотеатры пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кинотеатр Т.Байзаков атындагы паркынын аймагында курулган. 

Кинотеатрдын курулушуна жергиликтүү жана республикалык бюджеттен 54 млн. сом жумшалган. Ал эми Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк мыйзамынын негизинде кинотеатрдын ишке киргизген GALAXY CINEMA компаниясы 34 млн. сом инвестиция салган. Бул каражатка кино көрсөтүүгө керектүү техникалык каражаттар сатып алынып, көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: